Азербайджандын Францияга каршы чыгуусу

Министрликтен берилген маалыматка караганда, Тышкы иштер министрлигине чакырылган Франциянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Ле Ланга Франциянын Улуттук Парламентинин Азербайжанга карата кабыл алган туура эмес жана жалаачыл чечимге каршы чыкканы билдирилди.

1913850
Азербайджандын Францияга каршы чыгуусу

Франциянын Улуттук ассамблеясында кабыл алынган чечимден улам Азербайжан бул өлкөнүн Баку иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Жулиен Ле Ланды Тышкы иштер министрлигине чакырды.

Министрликтен берилген маалыматка караганда, Тышкы иштер министрлигине чакырылган Франциянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Ле Ланга Франциянын Улуттук Парламентинин Азербайжанга карата кабыл алган туура эмес жана жалаачыл чечимге Азербайжан каршы чыкканы билдирилди.

Билдирүүдө Франциянын Улуттук ассамблеясынын чечиминин Азербайжан менен Армениянын ортосундагы карым-катнаштардын нормалдашуу процессине жана аймакта тынчтык жана бейпилдик орнотуу аракеттерине кол салуу аракети катары каралып, убактылуу ишенимдүү өкүл Ле Ланга айтылды.

Убактылуу ишенимдүү өкүл Ле Лан Франциянын Улуттук ассамблеясынын чечими өкмөттүн расмий позициясын чагылдырбагандыгын баса белгилеп, Азербайжандын позициясын тиешелүү органдарга жеткирерин билдирди.

Францияда мурдагы күнү Улуттук ассамблея «Азербайжан Арменияга каршы агрессиясын токтотуп, Түштүк Кавказда тынчтык орнотууну» шарттаган резолюция долбоорун талкуулаган.

Парламенттин жыйынына катышкан 256 депутаттын баары мыйзам долбооруна «макул» деп добуш беришкен.

Милдеттүү эмес резолюция долбоорунда «Азербайжан күчтөрү жана алардын союздаштары Арменияга таандык делген жерлерден чыгып кетсин» деген талап коюлган.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле Франция өкмөтүн Арменияга таандык делген аймактарда «оккупация жана кол салуулар» болгон учурда жеке экономикалык санкцияларды киргизүүнү кароого чакырып, Франциянын Арменияга колдоосун арттыруу талап кылынган.



Тектеш кабарлар