Касым - Жомарт Токаев ант берип кызматын баштады

Казакстанда 20 - ноябрда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо утуп чыккан Касым Жомарт Токаев үчүн борбор шаар Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында ант берүү аземи өткөрүлдү.

1911349
Касым  -  Жомарт Токаев ант берип кызматын баштады
tokayev yemin etti.JPG
tokayev yemin etti.JPG

Казакстанда мөөнөтүнөн эрте болгон президентик шайлоодо утуп чыккан учурдагы президент Касым - Жомарт Токаев ант берип кызматын баштады.

Казакстанда 20 - ноябрда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо утуп чыккан Касым Жомарт Токаев үчүн борбор шаар Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында ант берүү аземи өткөрүлдү.

Аземге премьер - министр, депутаттар, министрлер жана көптөгөн коноктор катышты.

Токаев «элине ак ниет кызмат кылып, Казакстандын Конституциясын жана мыйзамдарын так сактоого, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерине кепилдик берерине, өзүнө жүктөлгөн жогорку милдетти абийирдүүлүк менен аткарууга» ант берүү менен ишин баштады.

Казакстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган тең салмактуу жана конструктивдүү тышкы саясатты уланта турганын белгилеген Токаев : «Коңшу мамлекеттер Россия, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара пайда алып келе турган кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк маселелери биздин артыкчылыктуу багытыбыз болот», - деди.

Президент Токаев өзгөчө АКШ, Европа Биримдиги, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө кызыккан бардык өлкөлөр менен көп тараптуу кызматташууну арттырууну улантышарын баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар