Казакстан Баку - Тбилиси - Жейхун кууру аркылуу нефть өткөрөт
Келечекте казак нефтисин Баку - Супса жана Баку - Батуми куурлары аркылуу ташууга болот.
Казакстан 1 – январдан тарта Баку – Тбилиси – Жейхан кууру аркылуу нефть өткөрүүнү баштайт.
Казакстандын премьер – минисри Алихан Исмаилов парламнеттеги жумалык жалпы отурумдан кийин басма сөзгө берген билдирүүсүндө нефть экспортун түрдөнтүү үчүн атайын жол картасын даярдагандарын белгиледи.
Исмаилов : «Айрыкча келерки жылдын 1 - январына карата Баку – Тбилиси - Жейхан кууру аркылуу 1,5 миллион тонна мунай зат ташуу боюнча келишимибиз бар. Келечекте бул багыттагы жүктү 6-6,5 миллион тоннага жеткирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», -деди.
Мындан тышкары Исмаилов белгилегендей, келечекте казак нефтисин Баку - Супса жана Баку - Батуми куурлары аркылуу ташууга болот.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.