Азербайжанда Туу күнү
Азербайжандын үч түстүү желеги 1918-жылы 9-ноябрда Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн жыйынында кабыл алынган.
1904344
Азербайжанда Мамлекеттик туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленүүдө.
Туу күнүнүн алкагында Каспий деңизинин жээгиндеги улуттук паркта ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп, гимндер ырдалды.
Хор ансамблдеринин Азербайжан гимнин аткарышы менен башталган иш-чарада Азербайжандын желегинин түстөрүнөн турган шарлар асманга учурулду.
Үч түстүү Азербайжан желеги 1918-жылы 9-ноябрда Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн жыйынында кабыл алынган.
Советтер Союзунун ыдырашы менен эгемендүүлүккө ээ болгон Азербайжан, республикалык мезгилде кабыл алынган тууну 1991-жылы кайрадан мамлекеттик желек катары кабыл алган.
2009-жылы президенттин жарлыгы менен 9-ноябрь өлкөдө “Мамлекеттик туу күнү” жана эс алуу күнү деп жарыяланган.