Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүл койду
Кыргыз Республикасында беш жыл мурда жарыяланган 7-8-ноябрь күндөрү “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн” алкагында акыркы 100 жылда мекен үчүн курман болгондор расмий азем менен эскерилди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана башкалар менен биргеликте алар 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына, саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту.
Алардын элесине багышталып куран окулду.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.