Нахчыван коопсуздук кызматы Бакуга кошулду

Азербайжан басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Нахчыван Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы жоюлду.

1900607
Нахчыван коопсуздук кызматы Бакуга кошулду

Нахчыван Автономиялуу Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы жоюлуп, анын ордуна Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Нахчыван башкы башкармалыгы түзүлдү.

Азербайжан басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, Нахчыван Автономиялуу Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы жоюлду.

Жоюлган бөлүмдүн ордуна Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Нахчыван башкы башкармалыгы түзүлдү.

Ушундайча Нахчыван Автономиялуу Республикасынын Улуттук парламентинин төрагасына баш ийген коопсуздук кызматы түздөн-түз Бакудагы борбордук бийликке кошулган болду.

Азербайжанга караштуу, бирок ошондой эле өзүнүн конституциясы бар Нахчыван Автономиялуу Республикасынын ички башкаруусун парламенттин спикери жүргүзөт.



Тектеш кабарлар