Чарльз Мишель Казакстанда

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев менен жолугушту.

1898564
Чарльз Мишель Казакстанда

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев менен жолугушту.

Казакстандын президенттигинен берилген маалыматка караганда, Токаев борбор шаар Астанада расмий жолугушууларды өткөргөн Мишелди Акорда Президенттик сарайында тосуп алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жашыл экономика, транспорт жана логистика, өзгөчө энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу маселелерин талкуулап, Борбордук Азия – Европа Биримдиги  форматында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында тараптардын Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы көп тараптуу кызматташууну өзгөчө климаттык алмашуу, суу булактары жана адам укуктары тармактарын дагы да бекемдөө, кеңейтүү, европалык фирмалардын Казакстанга алып келүү тууралуу келишкендери белгиленди.

Билдирүүдө Токаев менен Мишель Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы жаңы эл аралык транспорт коридорлорун кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешкендери маалымдалды.



Тектеш кабарлар