Кыргызстан ЖККУнун машыгуусун жокко чыгарды

Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги маалымат таратты.

1890338
Кыргызстан ЖККУнун машыгуусун жокко чыгарды

Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн ушул айга белгиленген машыгуусун жойду.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө ЖККУнун Тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн өлкө аймагындагы «Үзүлгүс бир туугандык-2022» машыгуусун токтотуу чечимине келгени белгиленди.

ЖККУ 2002-жылы Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Армения тарабынан аскердик альянс катары түзүлгөн.

Өткөн айда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук гвардиясынын чек ара чатагына байланыштуу жаңжал эки өлкөнүн ортосунда тирешүү жараткан.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев 7-октябрда Арменияда өткөн жыйында ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу үчүн уюмдун уставына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.



Тектеш кабарлар