Токаев: "Олигархиялык капитализмдин доору аяктап баратат"

Токаев өлкөнүн ири тоо-кен жана өнөр жай борборлорунун бири болгон Караганды облусуна иш сапары менен барды.

1888760
Токаев: "Олигархиялык капитализмдин доору аяктап баратат"

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев өлкөдө жаңы саясий доордун башталганын билдирип: «Казакстанда олигархиялык капитализмдин доору аяктап баратат, мамлекеттин өз жарандарына карата социалдык жоопкерчилик доору келе жатат»,-деди.

Токаев өлкөнүн ири тоо-кен жана өнөр жай борборлорунун бири болгон Караганды облусуна иш сапары менен барды.

Бул жерде аймактын эли менен жолугушкан Токаев өз сөзүндө, мамлекеттин өлкөдө иштеп жаткан бардык ири тоо-кен компанияларына тыкыр көз салып жатканын белгилеп: «Биз капиталдын чет өлкөгө мыйзамсыз чыгышына жол бербейбиз. Ошондой эле алар ишке ашырып жаткан социалдык программаларды да текшеребиз»,-деп айтты.

Казакстандын президенти, жаңыланган конституция менен өлкөдө жаңы саясий доордун башталганын кабарлап: «Казакстанда олигархиялык капитализмдин доору аяктап баратат, мамлекеттин өз жарандарына карата социалдык жоопкерчилик доору келе жатат»,-деди.



Тектеш кабарлар