Азербайжан армяндардын провокацияларынын натыйжасында 50 аскердин шейит болгонун жарыялады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев твиттер эсебинен Азербайжан элине, шейиттердин үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

1879570
Азербайжан армяндардын провокацияларынын натыйжасында 50 аскердин шейит болгонун жарыялады

Азербайжандын Коргоо министрлиги чек арада армяндардын провокацияларынын натыйжасында 50 аскердин шейит болгонун жарыялады.

Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, 12-сентябрга караган түнү жана 13-сентябрдын таңында армян армиясы менен чек аранын Дашкесен, Келбежер, Лачын жана Зенгилан багыттарында кеңири масштабдуу провокацияларды ишке ашырганы белгиленген. Азербайжанда, Азербайжан армиясынан 42 жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 8 аскер кызматкери болуп бардыгы 50 аскер шейит болгону билдирилди.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев да твиттер эсебинен Азербайжан элине, шейиттердин үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Алиев: «Шейиттердин каны жерде калган жок»,-деп жазды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, 12-сентябрга караган түнү жана 13-сентябрдын таңында Армения армиясы Азербайжан менен чек аранын Дашкесен, Келбежер, Лачын жана Зенгилан багытында кеңири масштабдуу провокация жасаганы белгиленди.

Экинчи жагынан, министрликтин мурунку билдирүүсүндө,«Кечээ, жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:00гө карата ок атышпоо жарыяланганына карабастан, Армения чек арада артиллериялык жана башка оор куралдарды колдонуу менен ок атышпоо режимин катуу бузуп жатат»,делди.



Тектеш кабарлар