Орусияда Азербайжан-Армения чек арасын аныктоо жыйыны

Тараптардын делегацияларына Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук төрагалык кылды.

1874020
Орусияда Азербайжан-Армения чек арасын аныктоо жыйыны

Азербайжан-Армения чек арасын аныктоого карата жыйын Орусиянын борбор шаары Москвада өттү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын 26-ноябрда жетишилген макулдашуусуна ылайык, Азербайжан-Армения чек арасынын аныкталышына карата эки тараптуу комиссиянын жыйыны Орусиянын кеңешчилигинде Москвада өткөрүлдү.

Тараптардын делегацияларына Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук төрагалык кылды.

Жаңы жолугушуунун датасынын дипломатиялык каналдар аркылуу өзүнчө чечиле турганы маалым болду.



Тектеш кабарлар