Азербайжандан чакырык

Байрамов Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасады.

1873839
Азербайжандан чакырык

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, 1-Карабах согушунда дайынсыз жоголгон 3890 азербайжандыктын акыбалын ачыкка чыгаруу үчүн эл аралык коомчулукту Арменияга кысым көрсөтүүгө чакырды.

Байрамов Твиттердеги баракчасынан: «Бүгүн дайынсыз жоголгондордун эл аралык күнү. Армениянын агрессиясынын натыйжасында 30 жылга жакын убакыттан бери 3890 азербайжандыктын акыбалы белгисиз. Эл аралык мыйзамдын алкагында милдеттенмелерин аткаруусу үчүн Арменияга эл аралык кысым көрсөтүүүгө чакырабыз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар