Алиев : "Карабахтагы армяндардын коопсуздугу түзүлөт"

Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Карабахтагы армяндарга эч бир статус жана өзгөчө артыкчылыктардын берилбей тургандыгын бирок мыйзам жана коопсуздуктарынын Азербайжан мамлекети тарабынан түзүлөрүн айтты.

1867345
Алиев  : "Карабахтагы армяндардын коопсуздугу түзүлөт"

 Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Карабахтагы армяндарга эч бир статус жана өзгөчө артыкчылыктардын берилбей тургандыгын бирок мыйзам жана коопсуздуктарынын Азербайжан мамлекети тарабынан түзүлөрүн айтты.

Алиев Азербайжан мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө берген маегинде 3 -  августта мыйзам тышы армян күчтөрүнүн Карабахта жасаган провокациясына баа берди. Армян күчтөрүнүн провокациясында Азербайжан армиясынан 1 аскердин шейит болгондугун эске салган Алиев бир канча саатка созулган «Кысас» операциясынын жазалуу чаара болгондугун белгиледи.

Алиев азербайжандык шейиттин канынын душманга кымбатка түшкөндүгүн баса белгилеп : «Алар муну унутпашы керек. Дагы бир жолу ушундай провокация боло турган болсо жообу  ушундай болот»,- деди.

Алиев «Кысас» операциясынан кийин жүздөгөн армян аскердин Карабах аймагынан чыккандыгын билдирди.

Лачын, Забух жана Сус айылдарында мыйзамсыз жайгаштырылган армяндардын ал жерден чыгышы керектигин да баса белгилеген Алиев : «Ал жерде болуулары негизинен согуштук кылмыш. Анткени бул Женева келишимине терс»,- деди.

Азербайжандын президенти Армения менен өлкөсүнүн ортосундагы калыбына келүү процессинде Карабах маселесинин орун албагандыгын айтып : «Сүйлөшүү столунда эч бир статус (Карабахтын статусу)  сөз болбойт. Сөз болгон маселе Карабахта жашаган армяндардын укуктары жана коопсуздуктары. Мен да алардын укук жана коопсуздуктарынын Азербайжан мамлекети тарабынан түзүлөрүн айткамын жана ар дайым айткандарымды орундатамын»,- деди.



Тектеш кабарлар