Азербайжан-Түркия-Грузия тышкы байланыштар комитеттеринин жыйыны...

Азербайжан-Түркия-Грузия парламенттеринин тышкы байланыштар комитеттеринин жыйыны Азербайжандын Шуша шаарында өттү.

1830409
Азербайжан-Түркия-Грузия тышкы байланыштар комитеттеринин жыйыны...
azerbaycan-turkiye-gurcistan dis iliskiler komisyonu.jpg
azerbaycan-turkiye-gurcistan dis iliskiler komisyonu.jpg
akif cagatay kilic - samet seyidov - nikolos samkharadze.jpg

Азербайжан-Түркия-Грузия парламенттеринин тышкы байланыштар комитеттеринин 7-үч тараптуу жыйыны Азербайжандын Шуша шаарында өттү.

Азербайжан Улуттук Парламентинин Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Самет Сейидов, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) Тышкы иштер комитетинин башчысы Акиф Чагатай Кылыч жана Грузия парламентинин тышкы байланыштар боюнча комитетинин башчысы Николос Самхарадзе баштаган парламенттик делегациялар кечээ Бакудагы түрк жана азербайжан көрүстөндөрүн зыярат кылгандан кийин,бүгүн Азербайжандын маданий борбору Карабахтын символу Шушага чогулду.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын тышкы иштер комиссиясынын төрагасы Кылыч жыйында сүйлөгөн сөзүндө: «Азербайжан жерлерин оккупациядан бошоткондон кийин Армения менен мамилесин жөнгө салууга аракет кылууда. Келечегибизди камсыз кылуу үчүн аракетибизди бириктиришибиз керек. Парламенттер жана алардын өкүлдөрү да өз элинин өкүлү катары келечек үчүн иштеши керек. Түркия Азербайжанды колдойт жана Армения менен Азербайжандын ортосундагы мамиле жакын арада нормалдаша турганына, аймакта туруктуу тынчтык жана ырааттуулук орной турганына ишенет»,-деп айтты.

Азербайжан Милли Межлисинин Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Сейидов да Армениянын басып алуу мезгилинде Азербайжандын тарыхый жана маданий эстеликтеринин талкаланышына жана шаарлардын талкаланышына көңүл бурду.

Азербайжандын бошотулган аймактарда кеңири реконструкция иштерин баштаганын жана жасала турган иштер көп экенин белгилеген Сейидов Европа Биримдигинин (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин демилгеси менен Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын өткөргөн жолугушуулары тууралуу маалымат берди..

Сейидов Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык келишимине жакын арада кол коюла турганына ишенгенин билдирди.

Грузия парламентинин тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Самхарадзе да Баку-Тбилиси-Жейхан, Баку-Тбилиси-Эрзурум, Баку-Тбилиси-Карс сыяктуу энергетика жана транспорт долбоорлорунун аймактык кызматташтыктагы ролуна токтолду.

Жолугушуудан кийин делегациялар Шушадагы тарыхый жана маданий эстеликтерге барышты.



Тектеш кабарлар