Алиев Зенгиландагы «Достук Агропарк» долбоору тууралуу маалымат берди

Алиев 2-Карабах согушунда баскынчылардан бошотулган Зенгилан облусунун атайын өкүлү кылып дайындаган Вахит Гажиев менен видеоконференция аркылуу жолугушту.

1822318
Алиев Зенгиландагы  «Достук Агропарк» долбоору тууралуу маалымат берди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоган менен бирге пайдубалын түптөгөн түрк жана азербайжандык инвесторлордун биргелешкен долбоору болгон Зенгиландагы «Достук Агропарк» акылдуу айыл чарба кампусунун оккупациядан бошотулган башка аймактарда да курула турган айыл чарба парктарына үлгү боло турганын айтты.

Алиев 2-Карабах согушунда баскынчылардан бошотулган Зенгилан облусунун атайын өкүлү кылып дайындаган Вахит Гажиев менен видеоконференция аркылуу жолугушту.

Армяндардын Зенгиланда чоң кыйроолорду кылганын жана бир дагы жарактуу отурукташуу жерин калтырбаганын эске салган Алиев, баскынчылыктан бошотулган башка аймактар ​​сыяктуу Зенгиланды да кайрадан кура тургандарын билдирди.

Алиев Зенгиландын иммигранттардын жакынкы келечекте кайтып келе турган облусу экенин жана бул жердеги Агаали айылы кайрадан курулганын белгиледи.

Зенгиланда ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлорго токтолгон Алиев, басып алуудан бошотулган аймактардын айыл чарбасы үчүн чоң пландары бар экенине токтолду.

Алиев: «Бошотулган аймактарда алгачкы айыл чарба паркы да Зенгиланда түзүлүүдө. Өткөн жылы бир тууганым Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бирге «Достук агропарк» аттуу айыл чарба паркынын пайдубалын түптөгөнбүз. Бул парктын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат алдым. Бардыгы пландалгандай жүрүп жатканы үчүн кубанычтамын. Бул биринчи жана үлгүлүү айыл чарба паркы болот. Менимче, айыл чарбасы Зенгиланда жумуштуулуктун жана экономиканын негизги элементтеринин бири болушу керек. Биз «Достук агропаркынын» мисалындай баскынчылыктан куткарылган бардык аймактарда түзүлө турган пейзажды көрүшүбүз керек»,-деп айтты.

Армяндардын басып алуу мезгилинде Зенгилан жана башка облустарда алтын кендерин иштеткенин жана бул жерден алынган алтындын чет өлкөгө сатылганын белгилеген Алиев: «Чет элдик жарандардын, ошондой эле армян тектүү чет элдик жарандардын алтын кендерин мыйзамсыз иштетүүсү аларга кымбатка турат. Биз алардын аты-жөнүн билебиз. Биз аларды дүйнөнүн алдында ачыкка чыгарабыз жана алар бизге компенсация төлөп беришет. Алар келтирген зыяндарын сөзсүз түрдө төлөп беришет»,-деп белгиледи.



Тектеш кабарлар