Министр А.Жаманкуловдун Анкара шаарына иш сапары...

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун Анкара шаарына иш сапарында бир топ маселелер талкууланды.

1806132
Министр А.Жаманкуловдун Анкара шаарына иш сапары...
Kırgızistan Kültür Bakanı Azamat Camankulov Ankarada 2.jpg
Kırgızistan Kültür Bakanı Azamat Camankulov Ankarada 4.jpg
Kırgızistan Kültür Bakanı Azamat Camankulov Ankarada 6.jpg
Kırgızistan Kültür Bakanı Azamat Camankulov Ankarada 7.jpg
Azamat Camankulov-Sultan Raev 1.jpg

2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Анкарага иш сапары менен келди.

Элчиликте СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаева жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлмира Токомбаева менен Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун жаңы Башкы катчысы Султан Раевдин жана ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү Канат Мамбеталиевдин катышуусунда жолугушуп, анын жүрүшүндө А.Токомбаеванын 75 жылдыгына жана Г.Токомбаеванын 70 жылдыгына карата иш-чараларды Кыргыз Республикасында, ошондой эле ТҮРКСОЙ менен бирге Türkiye Республикасында уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Иш сапары Анкара шаарындагы Кечиөрен муниципалитетинин борбордук аянтындагы Улуу Манас атабыздын эстелигине зыярат кылуу менен уланып, анын алкагында муниципалитеттин мэри Т.Алтынок менен жолугушту.

Андан ары Министр А.Жаманкулов  Türkiye Республикасынын Президентинин Улук кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты ошондой эле аны мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара каалоолорун билдиришти.

Иш сапарынын алкагында Министр А.Жаманкулов ТҮРКСОЙдун Катчылыгында да барып, анда Элчи К.Өмүралиевдин катышуусунда жана салтанаттуу шартта жаңы шайланган Башкы катчы С.Раевди уюмдун эмгек жамаатына тааныштырды. Министр А.Жаманкулов жана Элчи К.Өмүралиев уюмдун жаңы жетекчисин куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалашты, ал эми уюмдун мурдагы жетекчиси Дүйсен Касеиновго көп жылдык эмгеги жана түрк элдеринин маданиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 31-мартында ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйынында уюмдун жаңы Башкы катчысы болуп Султан Раев шайланган. Уюмдагы жетекчилик биринчи жолу Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин 2008-жылдан бери ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы кызматын казакстандык маданият ишмери, Казакстандын мурдагы маданият министри Дүйсен Касеинов аркалап келген.

Булак; Кыргыз Республикасынын Элчилиги



Тектеш кабарлар