Кыргызстанда Байрактар ТБ2 үчүн клип даярдалды
Клипте машыгууну «Башкы командир» катары көргөн президент Садыр Жапаровдун Байрактар TB2 аткан бутаны изилдегени да кенен орун алды.
Кыргызстанда машыгууга биринчи жолу катышкан Байрактар TB2 учкучсуз учуучу аппараттар үчүн атайын клип даярдалды.
Президенттиктин басма сөз борбору тарабынан даярдалган клип Ысык - Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Эдельвейс аскердик машыгуу аймагында «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусунда тартылган сүрөттөрдөн турат.
Байрактар TB2 жайгашкан ангардын эшиктеринин аскерлердин ачышы менен башталган 3 мүнөттүк клипте учкучсуз учуучу аппараттардын учууга даярданышы, учуу тилкесинде көрүнүшү жана бутаны атышы камтылган.
Клипте машыгууну «Башкы командир» катары көргөн президент Садыр Жапаровдун Байрактар TB2 аткан бутаны изилдегени да кенен орун алды.
Клип Жапаровдун : "Мекенибизде тынчтык болсун! Мекенди коргоп жаткан ар бир жоокерге ден соолук жана бекем эрк каалайм!" ,- деген сөздөрү менен аяктады.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.