Үч тараптуу декларациянын жоболорун Азербайжан эмес, Армения бузуп жатат

Азербайжандын Коргоо министрлиги Орусиянын Коргоо министрлигинин Азербайжандын 2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган үч тараптуу декларацияны бузуп, Карабахтагы орус элементтеринин жооптуу аймагына кирди деген билдирүүсүнө жооп берди.

1802491
Үч тараптуу декларациянын жоболорун Азербайжан эмес, Армения бузуп жатат

Азербайжан Орусиядан мыйзамсыз армян күчтөрүн Карабахтан чыгарууну суранды.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Орусиянын Коргоо министрлигинин Азербайжандын 2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган үч тараптуу декларацияны бузуп, Карабахтагы орус элементтеринин жооптуу аймагына кирди деген билдирүүсүнө жооп берди.

Билдирүүдө Азербайжан менен Орусиянын коргоо министрлери 25-мартта телефон аркылуу чөлкөмдөгү кырдаалды талкуулашканы эске салынды.

Телефондук сүйлөшүүдө Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга азербайжандык аскерлердин позициялары жана жайгашкан жерлеринин такталганын бидиргени, буга карабастан 26-март күнү эртең менен мыйзамсыз куралдуу армян топтору азербайжандык аскерлерге карай провокация жасоого аракет кылганын, бирок кечиктирилгис чаралардын аркасында алар артка чегинүүгө аргасыз болгондугун билдиришкен.

Билдирүүдө төмөнкүдөй билдирүүлөр камтылган: «Азербайжан 2020-жылдын 10-ноябрындагы үч тараптуу декларацияга лоялдуу жана анын бир дагы беренесин бузган эмес. Тилекке каршы, бул декларациянын 4-пунктуна ылайык, Армения армиясынын калдыктары жана мыйзамсыз армян куралдуу топтору аймактан толугу менен чыгарылып кеткен эмес. Ошондуктан декларациянын жоболорун Азербайжан эмес, Армения бузуп жатат.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү 22-февралда Орусия менен Азербайжандын ортосунда кол коюлган «Союздаштык аракеттер декларациясына» карама-каршы келет. Азербайжандын аймагында «Тоолуу Карабах» деген административдик аймактык бирдик жок. Билдирүүдө жазылган айылдын аты Фурух эмес, Феррух.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинен үч тараптуу декларациянын жоболоруна ылайык, Армения армиясынын калдыктары менен мыйзамсыз армян куралдуу топторунун Азербайжандын эл аралык таанылган аймагынан толугу менен чыгарылышын, Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн Өлкөбүздүн эгемендүү аймагындагы иш-аракеттеринин башкача көрсөтүлбөөөсүн, «Тоолуу Карабах» деген сөз айкашын колдонбоону жана азербайжандык жер аттары туура көрсөтүлүшүн суранат».



Тектеш кабарлар