Карабахта армян күчтөрүнүн провокациясы алдын алынды

Азербайжандын коргоо министрлиги Карабахта мыйзам тышы армян күчтөрүнүн Азербайжан армиясына карата провокациясын алдын алгандыгын жарыялады.

1802353
Карабахта армян күчтөрүнүн провокациясы  алдын алынды

Азербайжандын коргоо министрлиги Карабахта мыйзам тышы армян күчтөрүнүн Азербайжан армиясына карата провокациясын алдын алгандыгын жарыялады. 

Министрликтен берилген маалыматта Карабахтагы мыйзам тышы армян күчтөрүнүн тумандуу аба ырайынан пайдаланып Азербайжан армиясын провокациялоого аракет кылганы белгиленди. Маалыматта Азербайжан армиясынын аракетке өтүшү менен мыйзам тышы армян куралдуу топторунун артка чегинүүгө мажбур болгондугу билдирилди. Окуя тууралуу аймакта убактылуу кызмат кылган орус аскерлеринин командирлигине  жана түрк  - орус биргелешкен борборуна маалымат берилгендиги белгиленди. 

Азербайжан аскерлеринин арасында жоготуунун болбогондугу, абалдын көзөмөлгө алынгандыгы айтылды. 

 



Тектеш кабарлар