Алиев Карабахта Нооруз отун жакты

Илхам Алиев жубайы Михрибан Алиева менен Нооруз отун жагып, элге кайрылуу жасады.

1798673
Алиев Карабахта Нооруз отун жакты
aliyev.jpg
aliyev.jpg

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын оккупациясынан бошотулган Карабахтын Сукавушан шаарында Нооруз отун жандырды.

Илхам Алиев жубайы Михрибан Алиева менен Нооруз отун жагып, элге кайрылуу жасады.

Тарыхый жеңиштен кийин экинчи жолу Карабахта Нооруз майрамын өткөрүшкөндөрүн белгилеген Алиев, 2020-жылы согушуп, кан төгүү жана шейиттер менен жерлерди армян баскынчылыгынан куткарып, Карабахка кайткандарын айтты.

Алиев, баскынчылыктан бошотулган жерлеринде кеңири өнүгүү долбоорлорун баштагандарын жана жер которгон жарандардын тез арада мекенине кайтышын камсыз кылуу негизги милдет экенин белгиледи.

Азербайжандын бул иштердин баарын көрүүгө кудуреттүү жана күчтүү экенин баса белгилеген Алиев: «Биз Карабахка жана Чыгыш Зангезурга биротоло кайттык жана бул жерде, тарыхый жерибизде түбөлүк жашайбыз»,- деди.

Карабахтын табигый жана тарыхый кооз жерлери бар экенин билдирген Алиев: «Биз бул кооздуктардын баарына көрк кошобуз. Бул жерде азербайжандар бейпилдик, бакубаттык, тынчтык жана коопсуздукта жашашат. Тынчтыктын жана коопсуздуктун кепили Азербайжан мамлекети жана Азербайжандын Куралдуу күчтөрү болуп саналат.

Мен азат кылынган Карабахтагы кымбаттуу элиме Нооруз майрамы менен куттуктоолорумду жеткиргеним үчүн кубанычтамын. Мындан ары Азербайжандын тез өнүгүшү үчүн бардык күчүмдү жумшайм. Карабах Азербайжандыкы»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар