Казакстандын мурдагы коргоо министри убактылуу камоочу жайга киргизилди

Казакстандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө Бектанов Кылмыш жаза кодексинин 452-беренесине ылайык борбор калаа Нур-Султандагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилгени айтылды.

1782224
Казакстандын мурдагы коргоо министри убактылуу камоочу жайга киргизилди

Казакстанда январь айынын башында болгон окуядан кийин кызматтан алынган мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов камакка алынды.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө Бектанов Кылмыш жаза кодексинин 452-беренесине ылайык борбор калаа Нур-Султандагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилгени айтылды.

«Башкы прокуратура тарабынан мурдагы коргоо министри Мурат Бектановго карата «кызматтык милдеттерин так аткарбады» деген айып менен сотко чейинки тергөө иштери башталды», - деп айтылат маалыматта.

Бектанов 26-августта өлкөнүн түштүгүндөгү Жамбыл облусундагы аскердик ок-дарылар сакталган кампада болгон жардыруудан улам кызматтан кеткен Нурлан Эрмекбаевдин ордуна коргоо министри болуп дайындалды.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында өлкөнүн батышында газга болгон баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу башталган нааразылык акцияларынын эски борбор Алматыда кагылышууларга айланышынын натыйжасында 255 адам каза болгон окуялардан кийин Бектанов, 19-январда президент Касым-Жомарт Токаевдин чечими менен кызматынан бошотулуп, анын ордуна Руслан Жаксылыков дайындалган.

Токаев бул темадагы билдирүүсүндө, январь окуяларында Бектановдун карамагында бүтүндөй бир армия болгонуна карабастан, командалык сапатты көрсөтө албаганын, оор кырдаалда сөз болгон потенциалды пайдалана албай, тышкы жардамга кайрылууга аргасыз болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар