Кыргызстан жана Тажикстандын коопсуздук боюнча жетекчилери жолугушту

27 - январдагы кыргыз - тажик чек арасында чыккан  кагылышуудан кийин эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Баткен облусунда жолугушту.

1770195

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы  Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунда сүйлөшүүлөрдү улантуу чечими кабыл алынды.

Эки өлкөнүн  коопсуздук жетекчилери сүйлөшүүдөн кийин берилген маалыматта эки ай мурда ишин токтоткон өкмөттөр аралык чек араны белгилөө  комиссияларынын ишин улантуусуна чечим чыгарышкандары белгиленди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жарандардын бири бирине таш ыргытуу менен башталган чыңалуу эки өлкөнүн чек ара бөлүктөрүн аракетке өтүшү менен  кагылышууга айланып, эки киши каза болуп, 21 киши жаракат алган.

Кыргызстан 2021 -  жылы 21 -  майдан тарта чек ара маселеси чечилгенге чейин Тажикстан менен чек арадагы бажы капкаларын жапкан.

Тектеш кабарлар