Казакстандын президенти элге кайрылуу жасады

Телеканалдар аркылуу элге кайрылуу жасаган Токаев нааразылык акциялары учурунда демонстранттар коопсуздук күчтөрүнө кеңири масштабда кол салышканын айтты.

1757933
Казакстандын президенти элге кайрылуу жасады

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев эл аны колдойт деп ишенерин билдирип:«Эмне болсо да борбордо болом (Нур-Султан). Эл менен бирге болуу менин конституциялык милдетим. Казакстандын тарыхындагы бул кара тилкени бирге жеңебиз. Биз мындан күчтүүрөөк чыгабыз»,-деди.

Телеканалдар аркылуу элге кайрылуу жасаган Токаев нааразылык акциялары учурунда демонстранттар коопсуздук күчтөрүнө кеңири масштабда кол салышканын айтты.

Күч түзүмдөрүнүн арасында каза болгондор жана жарадар болгондор бар деген маалыматты бөлүшкөн Токаев, демонстранттар «бандиттерден куралганын» айтты.

Токаев митингчилер аскерлерди сабап, аялдарды куугунтуктап жана дүкөндөрдү тоношконун айтты.

Учурдагы абалдын алматылыктардын коопсуздугуна коркунуч туудурганын белгилеген Токаев, ушундай эле абал кээ бир башка шаарларда да болуп жатканын жана буга чыдап карап турбай тургандарын айтты.

Ушул себептен өзгөчө кырдаал жарыялаганын эске салган президент Токаев: «Бул зарыл чара. Президент катары мен жарандардын коопсуздугун жана бейпилдигин, өлкөнүн бүтүндүгүн камсыз кылышым керек»,-деди.

Бул чаралар жетишсиз экенин белгилеген Токаев, бейбаш элементтердин аракеттери финансалык колдоо менен кутумчулар тарабынан кылдат даярдалган пландын бар экенин ачыкка чыгарганын айтты.

Токаев: «Президент катары, Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары бүгүнтөн баштап мен мүмкүн болушунча катуу кийлигишүүгө ниеттенип жатам. Бул маселе мага кайрылган, өз өмүрүн, үй-бүлөсүн коргоону каалаган жарандарыбыздын коопсуздугу тууралуу болуп жатат. Бул маселе өлкөбүздүн коопсуздугуна байланыштуу»,-деди.

Коомчулук аны колдой тургандыгына ишенерин баса белгилеген Токаев:«Эмне болсо да борбордо болом (Нур- Султан). Эл менен бирге болуу менин конституциялык милдетим. Казакстандын тарыхындагы бул кара тилкени бирге жеңебиз. Биз мындан күчтөнүп чыгабыз»,-деп айтты.

Токаев жакын арада саясий өзгөрүүлөр боюнча жаңы сунуштар менен билдирүү жасай турганын жана өлкөдөгү реформа боюнча позициясын өзгөртпөгөнүн кошумчалады.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Алматыда Губернаторлук менен катар мамлекеттик мекемелер менен уюмдарды басып алган демонстранттар, 120га жакын дүкөндү, 100дөй кеңсени, 200гө жакын ресторан жана кафелерди талап тоношкон.

Алматы менен Актауга каттамдар токтотулуп, борбор калаа Нур-Султанга да каттамдар токтотулганы кабарланды.

2-январдан тарта LPG баасынын көтөрүлүшү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начарлашы себеби менен өлкөнүн батышында башталган нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылды.

Көчө окуяларына айланган демонстрацияларда коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу чыкты. Полиция жана аскердик унааларды өрттөп, өкмөттүк имараттарга кирген демонстранттарга коопсуздук күчтөрү үн бомбалары менен жооп берди. Президент Касым Жомарт Токаев нааразылык акциялары үчүн жооптуу деп эсептеген өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

Нааразылык акциялары жайылгандан кийин борбор калаа Нур-Султанда, Алматы шаарында жана Мангистау облустарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.



Тектеш кабарлар