Эрдоган Түрк Кеңешинин Прокурорлор кеңешине видео кайрылуу жолдоду

Президент Эрдоган Азербайжандын Баку шаарында өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин Прокурорлор Кеңешине видео кайрылуу жолдоду.

1727498
Эрдоган Түрк Кеңешинин Прокурорлор кеңешине видео кайрылуу жолдоду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, терроризм, тартипсиз миграция жана улуттар аралык кылмыштар сыяктуу коркунучтар күчөгөн учурда; сот органдары тарабынан жаңы диалогдук негиздерди түзүүгө чоң маани бере тургандыктарын билдирди.

Президент Эрдоган Азербайжандын Баку шаарында өткөрүлгөн Түрк Кеңешинин Прокурорлор кеңешине видео кайрылуу жолдоду.

Кеңештин Түрк дүйнөсүнө пайдалуу болушун каалаган Эрдоган: «12 жыл мурун биз түзгөн Түрк Кеңеши биздин биримдигибиздин жана ынтымагыбыздын символдорунун бири. 12 жылда институтташтырылган Түрк Кеңеши да дүйнөлүк масштабда аброюн арттырып жатат. Түрк Кеңеши болсо жаңы катышуулар менен күчүн арттырып, аймактык кызматташтык форматынан чыгып, эл аралык структурага ээ болууда. Кеңешибизге байкоочу болуу жана кызматташууну каалаган мамлекеттердин саны күндөн-күнгө көбөйүүдө»,-деди. Президент Эрдоган Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү көп улуттуу платформаларда өз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп жатса, экинчи тараптан Түрк дүйнөсүн жакындаткан чоң уюм болгон Түрк Кеңешинин тилектештикти бекемдегенин баса белгиледи.

Эрдоган:«Терроризм, мыйзамсыз миграция, эл аралык кылмыштар сыяктуу бизге жана биздин жарандарга түздөн-түз таасир эткен коркунучтар күчөп турган учурда, биз сот органдарыбыздын жаңы диалог аянтчаларын түзүүсүнө чоң маани беребиз. Республикалык Башкы прокуратураларыбыздын ортосундагы тажрыйба жана маалымат алмашууну артырып, байланышты жана кызматташтыкты дагы таасирдүү кыла турган бул тарыхый кадамдын бизди максаттарыбызга дагы жакындата турганына толук ишенебиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар