Илхам Алиев :"Армения менен карым - катнаш түзүүнү каалайбыз"

Алиев Европа Биримдигинин Азербайжанга жаңы дайындалган өкүлү Петер Мичалкону кабыл алды.

1715866
Илхам Алиев :"Армения менен карым  - катнаш түзүүнү каалайбыз"

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армения менен карым  - катнаштарды түзүүнү каалагандарын, Европа Биримдигинин бул тууралуу өздөрүнө  жардам бере аларын айтты. Алиев Европа Биримдигинин Азербайжанга жаңы дайындалган өкүлү Петер Мичалкону кабыл алды.

Алиев кабыл алууда сөз сүйлөп,  Европа Биримдиги менен көптөгөн маселелерде тыгыз иштешкендерин айтты.  Карабах согушунан кийинки мезгилде өнүгүү, туруктуу тынчтык жана кызматташуунун түзүлүшүнө Европа Биримдигинин салым кошо аларын ойлогондугун белгиледи.

Азербайжандын президенти Алиев буларды айтты : «Биз барактарды ачып жана коңшубуз Армения менен карым  - катнаштарды курууну каалайбыз. Тынчтык келишими, чек аранын белгилениши жана коммуникация  байланыштарынын ачылышы үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого даярбыз. Бирок Европа Биримдиги активдүү катыша турган болсо, бизге бир топ тармакта жардам бере алат деп ойлойм. Жалпысынан Түштүк Кавказиядагы абал 30 жылдан бери болбогон жаңы өлчөмгө өтүшү мүмкүн. Бул туруктуулук, тынчтык үчүн абдан маанилүү бир фактор боло алат».

 

 

 

 



Тектеш кабарлар