Өзбекстан менен Түркмөнстан ооган элине жардам берүүнү улантат

Түркмөнстандын президенти Бердымухаммедов расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Өзбекстанда президент Мирзиёев менен жолугушту.

1715184
Өзбекстан менен Түркмөнстан ооган элине жардам берүүнү улантат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ооган элине жардам берүүнү улантаарын билдиришти.

Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Өзбекстанда президент Мирзиёев менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн өзбек жана түркмөн лидерлери Ооганстандагы окуяларга токтолушту.

Мирзиёев: «Аймактын коопсуздугу жана туруктуулугу көбүнчө Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнөн көз каранды. Биздин өлкөлөр бул өлкөдө узак мөөнөттүү тынчтыкты жана өнүгүүнү камсыздоо үчүн ооган элине мындан ары да жардам берүүнү улантууга даяр»,-деди.

Президент Мирзиёев Ооганстан дагы байланышкан эл аралык долбоорлорду улантуу үчүн бул өлкө менен сүйлөшүүлөрдү улантууну пландап жатышканын белгиледи.

Түркмөнстандын президенти Бердымухаммедов да, өз өлкөсүнүн Ооганстан проблемасына мамилеси Өзбекстандыкына окшош  экенин белгилеп: «Түркмөнстан менен Өзбекстандын Ооганстанга болгон өз ара аракети бул өлкөдөгү саясий абалды нормалдаштыруу, социалдык чөйрөнү калыбына келтирүү жана өлкөнү аймактык жана дүйнөлүк экономикалык мамилелер системасына кеңири интеграциялоо үчүн чоң пайда алып келиши мүмкүн»,-деп айтты.

Бердимухаммедовдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда түрдүү тармактарда 23 келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар