Шентоп: «ФЕТӨ боордош өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурууда»

Мустафа Шентоп ТҮРКПАнын 10-пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.

1711719
Шентоп: «ФЕТӨ боордош өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурууда»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Фетуллахчы Террордук Уюмдун (ФЕТӨ) боордош өлкөлөр баш болгон көптөгөн өлкөлөр үчүн улуттук коопсуздук коркунучун туудурганын айтты.

Мустафа Шентоп Казакстандын Түркстан шаарында өткөрүлгөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) 10-пленардык жыйынында "Түрк дүйнөсүндө парламенттер аралык кызматташтык жана келечектен күтүүлөр" темасында сөз сүйлөдү.

Эл аралык мамилелерде парламенттердин жана парламентарлардын маанисинин барган сайын жогорулап жатканына көңүл бурган Шентоп, ТҮРКПАнын жалпы көйгөйлөргө жалпы чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эл аралык деңгээлдеги түзүмгө айланганын билдирди.

Өз сөзүндө 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетин эске салган Шентоп, ФЕТӨнүн бирден бир максатынын орун алган өлкөлөрдү басып алуу экенин айтты.

ФЕТӨнүн Түркиядан тышкары көптөгөн өлкөлөрдө да иштегенине басым жасаган Шентоп: «Бул чыккынчы уюм жайгашкан өлкөлөргө, өзгөчө боордош өлкөлөргө улуттук коопсуздук коркунучун туудурганын кайталай кетким келет»,-деди.



Тектеш кабарлар