ТүркПанын жыйыны Түркстанда өтөт
Казакстан парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин ТүркПАнын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПа) 10-пленардык жыйыны 27-28-сентябрда Казакстандын түштүгүндөгү түрк дүйнөсүнүн руханий борбору Түркстанда өтөт.
Казакстан парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин ТүркПАнын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды.
Жолугушууда 27-28-сентябрда Казакстандын Түркстан шаарында өтө турган ТүркПАнын 10-пленардык жыйынына даярдыктар талкууланды.
Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламенттеринин төрагалары катыша турган жана Өзбекстан да чакырылган жыйындын алкагында ТүркПАнын 10 жылдык ишмердүүлүгүнө баа берилип, ассамблея тармагындагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча жаңы максаттар коюлат.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн ТүркПада Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия толук кандуу мүчөлөр, ал эми Венгрия байкоочу статусуна ээ.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.