Казакстан менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү 15 эсеге өстү
Казакстандын соода жана интеграция министри Бакыт Султанов, Түркия менен Казакстандын соода тармагындагы карым- катнаштарга баа берди.
Казакстан менен Түркиянын ортосундагы соода көлөмү 30 жылдын ичинде 15 эсеге өскөнү маалымдалды.
Казакстандын соода жана интеграция министри Бакыт Султанов, Түркия менен Казакстандын соода тармагындагы карым- катнаштарга баа берди.
Султанов келерки жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей тургандыктарын эске салып, эки өлкөнүн соода алакасынын позитивдүү жылыш менен өнүгүп жатканын айтты.
Соода көлөмүнүн 1990-жылдардын башында 200 миллион доллардын тегерегинде болгонун белгилеген Султанов: «Эки өлкөнүн соода көлөмү 30 жылдын ичинде 15 эсеге өстү. Учурда Түркия өлкөбүздүн эң алдыңкы 10 соода өнөктөшүнүн катарына кирет»,- деди.
Султанов ушул жылдын январь-июнь айларында соода көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,3 пайызга өсүп, 1 миллиард 788 миллион долларга жеткенин айтты.
Султанов жалпы максаттын соода көлөмүн кыска мөөнөттө 5 миллиард долларга жана узак мөөнөттүү келечекте 10 миллиард долларга жеткирүү экенин баса белгиледи.
Султанов: «Учурда өз ара соодадагы тарифтик эмес жана техникалык тоскоолдуктарды жоюу үчүн казак-түрк жумушчу тобу түзүлүп жатат. Биз бул топтун биринчи жыйынынын быйыл өткөрүлүшүн күтүп жатабыз»,- деди.