Анкарада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Анкаранын вице -мэри Сержан Чыггын катышты.

1695925
Анкарада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды
KIRGIZİSTAN'IN BAĞIMSIZLIĞININ 30.YILDÖNÜMÜ RESİM SERGİSİ ANK.BÜYÜKŞEHİR BELEDİYESİNDE 1.jpg
KIRGIZİSTAN'IN BAĞIMSIZLIĞININ 30.YILDÖNÜMÜ ANK.BÜYÜKŞEHİR 35.jpg
KIRGIZİSTAN'IN BAĞIMSIZLIĞININ 30.YILDÖNÜMÜ ANK.BÜYÜKŞEHİR 36.jpg

Анкарада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды.

Кыргызстандын Анкарадагы Элчилиги жана борбордун мэриясы тарабынан уюштурулган көргөзмө Зафер чаршысынын көркөм сүрөт музейинде өтүүдө.

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Анкаранын вице -мэри Сержан Чыггын катышты.

Өмүралиев көргөзмөнү уюштурууга катышкандардын баарына ыраазычылык билдирип, мындай иш -чаралар эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Кыргызстандын эгемендүүлүгү 30 жыл мурун жарыяланганына карабай, өлкөнүн 2300 жылдан ашуун тарыхы бар, дейт Элчи.

Өмүралиевдин айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштар 30 жылдан бери ар түрдүү тармактарда ийгиликтүү өнүгүүдө.

«Карым-катнаштардын өнүгүшүнүн эң маанилүү фактору, бул эки өлкөнүн элдеринин тарыхый тыгыз байланышы. Бизде жалпы тарых жана маданият, окшош тилдер, түшүнүктөр жана каада -салттар бар. Мен мындай иш -чаралар бул байланыштарды бекемдөөгө жана жалпы маданий баалуулуктарыбызды сактоого жардам берет деп терең ишенем»,-деди Өмүралиев.

Көргөзмө 28 -августка чейин уланат.



Тектеш кабарлар