Каспий деңизиндеги алоолонгон жалындар "ылай вулканынан" келип чыкканы белгиленди

Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) билдирүүсүндө, Баку жээгинен түнкүсүн чыккан жалындын себебин иликтөө үчүн топ окуя болгон жерде иликтөө жүргүзгөндүгү маалымдалды.

1669924
Каспий деңизиндеги алоолонгон жалындар "ылай вулканынан" келип чыкканы белгиленди

Каспий деңизинде Азербайжандын борбору Бакунун жээгине жакын жерде жарылуу болду.

Түнкүсүн Каспий деңизинде болгон жарылуу ылай вулканынан улам келип чыккандыгы маалымдалды.

Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) билдирүүсүндө, Баку жээгинен түнкүсүн чыккан жалындын себебин иликтөө үчүн топ окуя болгон жерде иликтөө жүргүзгөндүгү маалымдалды.

Билдирүүдө метрлерге көтөрүлүп жаткан жалындын Элет менен Нефтчаланын ортосундагы жээктен 30 чакырым алыстыктагы Ташлы аралында табигый жол менен күйүп жаткан ылай жанар тоосунун жарылуусунан келип чыккандыгы жана жалындын өчүрүлүүгө жакын калгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, метан жана башка күйүүчү газдар мунай жана газ резервдери болгон жерлердеги жанар тоолорунан баткак чачырашынын натыйжасында метрлерге чейин алоолонгон жалын көтөрүлгөнү эске салынды.



Тектеш кабарлар