Түркия-Өзбекстан кызматташтыгы

Түркия-Өзбекстан кургактык транспорту биргелешкен комиссиясынын жыйыны 30-июнь-1-июль күндөрү Ташкент шаарында өттү.

1668806
Түркия-Өзбекстан кызматташтыгы

Транспорт жана инфраструктура министрлиги, ташуучулар колдоно турган Өзбекстанга акысыз транзиттик документтердин квотасы 60 пайызга көбөйтүлүп 16 миңге жеткенин билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Түркия-Өзбекстан кургактык транспорту биргелешкен комиссиясынын жыйыны 30-июнь-1-июль күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.

Жыйында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жалпы транзиттик документтин квотасы 37 миңден 38 миңге көбөйтүлдү.

Жыйналышта 10 миңди түзгөн акысыз документтердин саны 60 пайызга көбөйүп 16 миңге жеткирилди. Мындай өсүш менен Өзбекстанга жүк ташууда 2,4 миллион долларлык үнөмдөө болот.

Түркия менен Өзбекстандын техникалык делегациялары транзиттик документтерди электрондук системага өткөрүү боюнча жол картасын да аныкташты. Түркия жана Өзбекстан тарабынан демилгеленген бул долбоор эл аралык авто транспорту тармагында дүйнөдөгү биринчи электрондук паспорттук документ болуп саналат.

Долбоор боюнча сыноолорду жайкы сезондун аягында баштоо пландалууда.



Тектеш кабарлар