Дүйнөдөгү эң ири кол жазма Куран барагы

Ташкенттеги Ислам Цивилизациясы Борборунун директору Шаазим Мунавваров билдирүү жасады.

1638463
Дүйнөдөгү эң ири кол жазма Куран барагы

Өзбекстанда дүйнөдөгү эң ири кол жазма Куран барагы даярдалды.

Ташкенттеги Ислам Цивилизациясы Борборунун директору Шаазим Мунавваров, XIV кылымга таандык Курандын бир барагынан кол жазма менен нуска алынганын айтты.

Мунавваров кол менен жазылган барактын дүйнөдөгү эң ири Куран барагы экендигин баса белгиледи.

Мунавваров өзбек каллиграфы Некмиддин Фаязи 6 айда даярдаган барактын, Тимур империясынын үчүнчү башкаруучусу Шахрух Мырза үчүн анын уулу Байсункар Мырза тарабынан атайын даярдалган 14-кылымга таандык Куран барагынын бираз чоңойтулган нускасы экенин түшүндүрдү.

Алтын суу менен жазылган Куран барагын даярдоо үчүн атайын кагаздын Япониядан, боёктордун болсо Түркиядан алынгандыгын баса белгилеген Мунавваров, бир барактан турган каллиграфия ишинин Ислам Цивилизациясы Борборунда сактала тургандыгын айтты.

Муннараов ошондой эле бул барактын дүйнөдөгү эң ири Куран барагы катары Гиннесстин рекорддор китебине кириши үчүн иш-аракеттердин башталгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар