Татар:«Түркиянын колдоосу менен 100дөн ашуун өлкө менен соода байланыштарын түздүк»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар,Түркия радио жана телеберүү мекемесинин  (ТРТ) каналы ТРТ 1де көрсөтүлгөн «Күн тартибинен тышкаркы» берүүнүн коногу болду.

1618936
Татар:«Түркиянын колдоосу менен 100дөн ашуун өлкө менен соода байланыштарын түздүк»

 

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар, Түркия дагы улуттук экономиканын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүнү улантып, 100дөн ашуун өлкө менен соода байланыштарын түзгөндөрүн айтты.

Эрсин Татар, Түркия радио жана телеберүү мекемесинин  (ТРТ) каналы ТРТ 1де көрсөтүлгөн «Күн тартибинен тышкаркы» берүүнүн коногу болду.

Кипр түрктөрүнүн буга чейин көп кыйынчылыктарга дуушар болгонун баса белгилеген Татар: «Биз ар дайым муну күткөнбүз, Түркия качан келет? Кипрге түрк армиясы качан кадам таштайт? Бактыга жараша, 1974-жылы түрк армиясы бул жакка келди жана Кипр түрктөрү чындыгы эгемендүүлүккө, көз карандысыздыкка,эркиндикке ээ болду.  Кипрдик түрктөр 1974-жылдан кийин турмушун курду, ал тирилди»,-деди.

Татар ошондой эле «Кипр Тынчтык Операциясы» менен отурукташуу жана курулушка жабык болгон Варошанын бир бөлүгү 46 жылдан кийин ачылгандыгын айтып, ушул кезге чейин бул аймакка 130 миңден ашуун кишинин келгенин, «Бул жерди (румдарга) кайтаруу эч кандай сөз болбойт. Себеби Кипр эми башка нукка түштү. Аймакта баланс бир топ өзгөрдү. Кыймылсыз мүлк комиссиясы аркылуу Мараштын ачылуу процесси уланууда»,-деп айтты.

Кипрдик түрктөргө киргизилген эмбарголорду эске салган Эрсин Татар: «Рум тарап ар кандай байланыштын алдын алууга аракет кылууда. Башкача айтканда, ал жердеги Рум элчиси биздин иш-чарага, спорттук иш-чараларга барып, биздин жаштар жана биздин адамдардын дүйнө менен байланышпашы үчүн дароо арызданууда»,-деди.

Татар, Кипрдин Рум тарабынын бардык тоскоолдуктарына карабастан, Түркиянын колдоосу менен экономикасы өркүндөп жатканын жана 100дөн ашуун өлкө менен соода байланыштарын түзгөндөрүн маалымдады.



Тектеш кабарлар