Токаев Sputnik V вакцинасы менен эмделди
Токаевдин эмдөөдөн кийин өзүн жакшы сезгендиги билдирилди.
1615971
Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев коронавируска (Ковид-19) каршы Sputnik V вакцинасы менен эмделди.
Казакстандын Президенттик аппаратынын басма сөз катчысы Берик Уали социалдык медиа аркылуу жасаган билдирүүсүндө, Токаевдин эмдөөдөн кийин өзүн жакшы сезгендигин айтты.
Токаевдин өлкөдөгү Караганды фармацевтикалык комплексинде өндүрүлгөн Sputnik V вакцинасы менен эмделгендигин билдирген Уали: «Президент бардык жарандарыбызды биринчи кезекте Ковид-19 вакцинасын алууга чакырат»,-деди.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.