Өзбекстан аба жолдору Фергана-Стамбул каттамдарын баштады

Учурда Өзбекстан аба жолдору Ташкент-Стамбул-Ташкент аба каттамдарын да күн сайын уюштурууда.

1612125
Өзбекстан аба жолдору Фергана-Стамбул каттамдарын баштады

Өзбекстан аба жолдору Фергана-Стамбул каттамдарын баштады.

Фергана облустук губернаторлугунун басма сө катчысы Дилмурад Жумабаев, Өзбекстан аба жолдорунун жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.50дө Фергана-Стамбул каттамын аткарган биринчи учагы Фергана аэропортунан учуп чыкканын билдирди.

Ушул эле учактын түштөн кийин Стамбул аэропортунан Ферганага учарын айткан Ф.Жумабаев, Фергана-Стамбул каттамы жумасына эки жолу жүргүзүлөрүн билдирди.

Жумабаев жаңы ачылган аба каттамынын Өзбекстандын эл жыш жашаган Фергана өрөөнү менен Түркиянын ортосундагы соода жана гуманитардык мамилелердин өсүшүнө салым кошорун айтты.

Жумабаев билдиргендей, Түрк аба жолдорунун да жакында Стамбул-Фергана-Стамбул каттамдарын башташы күтүлүүдө.

Учурда Өзбекстан аба жолдору Ташкент-Стамбул-Ташкент аба каттамдарын да күн сайын уюштурууда.



Тектеш кабарлар