Кыргызстанга 5 мобилдик клиника алып барылат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиев жана Түркиядагы Элчиси К.Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) ортосундагы Келишимдин алкагында Анкарадагы ишканага барышты.

1578607
Кыргызстанга 5 мобилдик клиника алып барылат
Kırgızistan Sağlık Bakanı A.Beyşenaliev Türkiye'de 8.jpg

2021-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) ортосундагы 5 мобилдик клиниканы камсыз кылуу жөнүндө Келишимдин алкагында Анкарадагы Кыргызстан үчүн мобилдик клиникалар жасалган “Optima Technic” заводунда болушту.

“Optima Technic” заводуна болгон иш-сапардын жүрүшүндө Министр А.Бейшеналиев жана Элчи К.Өмүралиев заводдун, Ислам өнүктүрүү банкынын жана мобилдик клиникалардын өндүрүүчүсү-башкы подрядчиги болгон Норвегиянын «НОРМЕКА АС» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, мобилдик клиникаларды Кыргызстанга жеткирүү маселесин талкуулашты.

Министр А.Бейшеналиев Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан тандалып алынган эл аралык компаниялардын мобилдик клиникалардын Кыргызстанга даярдыгын баалоосуна катышты. Мобилдик клиникалардын базасында компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар сыяктуу заманбап медициналык жабдыктары бар диагностикалык бөлүм, ошондой эле катаракта операциясы үчүн операциялык бөлмөсү бар.

ИӨБдүн жана Норвегиянын «НОРМЕКА АС» компаниясынын маалыматы боюнча, ушул жылдын 31-январынан 6-февралына чейин мобилдик клиникалардын Кыргызстанга жөнөтүүгө даярдыгы боюнча баалоо иштери жүргүзүлдү. Учурда компания мобилдик клиникаларды Кыргызстанга жөнөтүү боюнча даярдык иштерин баштады жана заводго болгон иш сапардын жана ИӨБ жана «НОРМЕКА АС» өкүлдөрү менен жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар мобилдик клиникаларды Кыргызстанга жеткирүү процессин тездетүү жөнүндө макулдашышты.

Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар