Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда бир катар жолугушууларды өткөрдү
Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Саламаттык сактоо министринин орун басары Халил Элдемир жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары (ТУУЖ) Желал Адан менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Түркияга болгон иш сапарынын алкагында 2021-жылдын 5-февралында анын Түркиянын Саламаттык сактоо министринин орун басары Халил Элдемир жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары (ТУУЖ) Желал Адан менен жолугушуулары өттү.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев түрк тарабына коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө буга чейин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана коронавирус пандемиясы учурунда Кыргыз Республикасындагы татаал кырдаалды эске алып, гуманитардык жардам көрсөтүүсүн өтүндү.
Саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулаган министр А.Бейшеналиев Бишкектеги Кыргыз-Түрк Достугу ооруканасын толук кандуу ишке киргизүү максатында Түркия парламенти тарабынан аталган оорукана боюнча Келишимди тез арада ратификациялоо зарылдыгын белгиледи.Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Ж.Адан аталган Келишимдин тез арада ратификацияланышын колдой тургандыгына ишендирди.
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз тарабына 5000 ПЦР-тестин өткөрүп берди.
Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.