ТКТРнын президенти Эрсин Татар британиялык министр Доминик Раабды кабыл алды
Президент Татар жолугушуудан кийин Кипр конференциясы тууралуу маанилүү маселелерди карап чыгышкандарын билдирди.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Британиянын тышкы иштер министри Доминик Раабды кечээ Лефкошада кабыл алды. Эрсин Татардын Доминик Рааб менен сүйлөшүүсү бир саатка жакын созулду.
Президент Татар жолугушуудан кийин берген маалыматында 5 + 1 (Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Кипр рум бөлүгү, кепил өлкө Түркия, Греция, Британия жана БУУ) Кипр конференциясы тууралуу маанилүү маселелерди карап чыгышкандарын билдирди.
Аралда туруктуулуктун бир гана эки мамлекеттин бири бирин таануусу менен ишке ашарын айткан Татар британиялык министрдин бул тууралуу көрсөткөн жакын мамилесинен улам ыраазы экендигин айтты.
Эрсин Татар Рааб менен кипрдик түрктөрдүн Британиянын Европа Биримдигинен чыгышы менен дагы кандай жетишкендикке ээ боло аларын да сүйлөшкөндөрүн айтып, британиялык министрдин бул маселеге токтолорун баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.