Элчи К.Өмүралиев Анкарада Президенттиктин Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ф.Алтун менен жолукту

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы проф. Фахреттин Алтун менен жолугушту.

1577536
Элчи К.Өмүралиев Анкарада Президенттиктин Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ф.Алтун менен жолукту

2021-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы проф. Фахреттин Алтун менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, 2021-жылы жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле түрк тарабынан Камкорчулар кеңешинин төрагасы проф. Фахреттин Алтун болгон Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ишмердүүлүгү жөнүндө маселени талкуулашты.

Булак; КРнын Түркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар