Алиев дүйнөдөгү вакцина адилетсиздигине токтолду

Алиев Блокторго кошулбоо кыймылынын кезектеги төрагасы катары эл аралык аренада бул маселени көтөргөнүн билдирди.

1575425
Алиев дүйнөдөгү вакцина адилетсиздигине токтолду

Азербайжандын президенти Илхам Алиев: «Өнүккөн өлкөлөр дүйнө калкынын 14 пайызын түзөт. Бирок бул өлкөлөр дүйнөдөгү (Коронавирустун жаңы түрү - Ковид-19) вакциналардын 53 пайызына буюртма беришти. Демек, дагы деле болсо адилетсиздик, теңсиздик бар»,-деди.

Илхам Алиев Азербайжан Мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө жасаган билдирүүсүндө, эмдөөгө байланыштуу кээ бир өлкөлөрдүн ортосундагы кризистер тынчсыздандырат деп билдирди.

«Биз расмий эмес неоколониализмдин же расмий жарыяланбаган колонизациянын мезгилине күбө болуп жаткандайбыз»,-деп айткан Алиев, Блокторго кошулбоо кыймылынын кезектеги президенти катары эл аралык аренада бул маселени көтөргөнүн билдирди.

Канадага мисал келтирип бул мамлекеттин 38 миллион калкы бар экендигине карабастан 154 миллион вакцинага буюртма бергенин айткан Алиев: «Өнүккөн өлкөлөр дүйнө калкынын 14 пайызын түзөт. Бирок бул өлкөлөр дүйнөдөгү вакциналардын 53 пайызына буюртма беришти. Демек, дагы деле болсо адилетсиздик, теңсиздик бар»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар