Азербайжандын Карабахта шейит болгон аскерлеринин саны

Буга чейин 2 миң 802 деп жарыяланган шейиттердин саны, кээ бир сөөктөрдүн табылышы менен 2 миң 823кө жеткени белгиленди.

1553585
Азербайжандын Карабахта шейит болгон аскерлеринин саны

Азербайжан армиясынын Тоолуу Карабахтагы жерлерин оккупациядан сактап калуу үчүн жүргүзгөн операцияда 2 миң 823 аскеринин шейит болгону маалымдалды.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 27-сентябрда башталган жана 10-ноябрда Армениянын жеңилгендигин кабыл алган келишимге кол коюусу менен аяктаган согуштагы жоготуулар жөнүндө маалыматты жаңылады.

Буга чейин 2 миң 802 деп жарыяланган шейиттердин саны, кээ бир сөөктөрдүн табылышы жана алардын ким экендигин аныктоо менен 2 миң 823кө жеткени белгиленди.

Азербайжан армиясы 27-сентябрда баштаган операцияда 5 шаардын борбору, 4 кыштак жана 286 айыл куткарылгандан кийин Армения жеңилүүнү кабыл алып, оккупацияланган Агдам, Лачин жана Келбежер аймактарынан чыгып кеткен болчу.



Тектеш кабарлар