Алиев ЮНЕСКОну кош стандарттуулук менен айыптады

Алиев жубайы Михрибан Алиева менен 44 күндүк согуш менен Армениянын оккупациясынан бошотулган Губадлы жана Зенгилан шаарларында болду.

1551439
Алиев ЮНЕСКОну кош стандарттуулук менен айыптады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) Тоолуу Карабахта жана анын тегерегиндеги провинцияларда азербайжандарга таандык диний жана тарыхый курулуштардын армяндар тарабынан жок кылынгандыгын көрмөксөнгө салганын сынга алды.

Алиев жубайы Михрибан Алиева менен 44 күндүк согуш менен Армениянын оккупациясынан бошотулган Губадлы жана Зенгилан шаарларында болду.

Армениялыктар тарабынан толугу менен талкаланган Зенгиландагы мечиттин алдында сүйлөгөн сөзүндө Алиев, тарыхый жана диний структуралар бир кездерде басып алынган бардык аймактарда окшош болгонун эске салып, «Дүйнө 30 жылдан бери буга унчукпай келет»,-деди.

Айрым чөйрөлөрдүн оккупациядан бошотулган аймактардагы армян эстеликтеринин статусун көтөргөнүн айткан Алиев:«Анда эмне үчүн эч ким биздин улуттук жана диний мурастарыбызды күн тартибине киргизбейт. Жакында ЮНЕСКОнун кызматкери бизге (армян эстеликтери маселеси боюнча) кайрылдык, бирок бизди жооп берген жок деп негизсиз билдирүү жасады. Биз 30 жыл бою көп жолу ЮНЕСКОго кайрылганбыз, мечиттерибиздин, тарыхый чыгармаларыбыздын кулатылганын, биздин эстеликтер армяндаштырылганын айттык, алар бир жолу да изилдөө миссиясын жөнөтүштү беле, биздин кайрылууларыбызга жооп бериштиби? Согуш бүткөөр замат эле, армян эстеликтерин сактоо керек деп айта башташты»,-деди.

Алиев: «Биз бардык эстеликтерди коргойбуз, муну дүйнө билет»,- деди.

«Мына, бул жерде мечит бар. ЮНЕСКО, бул жакка келип көрүңүз. Европа Кеңеши, унчукпай калба, келип көр. Бардык мечиттер талкаланды. Мечит бузулабы? Мечитти бузуу кылмыш эмеспи? Бул адилетсиздик, эки жүздүүлүк, кош стандарт, бул исламофобия качанга чейин уланат? Армяндар бул мечитти талкалап салышкан. Цивилизациялуу улуттун образын жаратууга аракет кылган, атүгүл кээ бир чет элдик протекторат тарабынан кабыл алынган маданияттуу калк муну кылабы? Маданияттуу адам мечитте чочкону багабы? Муну бүткүл дүйнө көрсүн»,-деп айтты ал.

Алиев баскынчылыктан бошотулган аймактардагы мечиттердин абалын Ислам дүйнөсү дагы көрүшү керектигин белгилеп, Армения менен достук мамиле түзгөн мусулман өлкөлөрүн айыптады.



Тектеш кабарлар