Алиев Губадлыга барды

Алиевдин жубайы Михрибан Алиева Instagram баракчасынан бөлүшкөн сүрөттөрдө президент Алиев сапарды өзү колдонгон унаа менен жасагандыгы байкалат.

1550838
Алиев Губадлыга барды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, 44 күндүк согуш учурунда Армениянын оккупациясынан бошотулган Губадлы шаарына барды.

Алиевдин жубайы Михрибан Алиева Instagram баракчасынан бөлүшкөн сүрөттөрдө президент Алиев сапарды өзү колдонгон унаа менен жасагандыгы байкалат.

Илхам Алиев жолдо кыйраган конуштарды көрсөтүп, бардык айылдарды Армениянын аскерлери талкалап кеткендигин айтты.

«Экинчи Дүйнөлүк согушта фашисттер дагы мындай жырткычтыкты жасашкан жок»,-деп айткан Алиев сөзүн: «Карагылачы, биз кандай душман менен согуштук. Биз өзүбүздүн аймагыбызды, Кавказды фашисттерден бошоттук. Бул айылдардын бардыгын калыбына келтиребиз. Душмандар кылган кылыктары үчүн жооп беришет. Биздин тарыхый жана диний эстеликтерибиздин бардыгы душмандар тарабынан талкаланды. Муну бүт дүйнө көрүшү керек»,-деп улады.

Социалдык медиа тармактарында бөлүшүлгөн дагы бир сүрөт Илхам Алиевдин Губадлыдагы аскерлер менен жолугушуусун камтыйт. Алиев, бул жерде дагы

«Жоокерлерибиздин эрдиги менен биз жерлерибизди сактап калдык. Карабах Азербайжанга таандык»,деген сөзүн айтты.

Кадрларда жоокерлердин президент Алиевди кызуу кол чабуу менен коштогондорун көрүүгө болот.



Тектеш кабарлар