Шушада 28 жылдан кийин намаз окулду
Азербайжан армиясы Шушаны 8 - ноябрда оккупациядан бошотту.
1527285
Азербайжан армиясы оккупациядан бошоткон Тоолуу Карабахтын символ шаары Шушада 28 жылдан кийин жума намазы окулду. Шушадагы тарыхый Жогорку Гөвхер Ага мечитинде оболу азан айтылды. Бул жердеги Азербайжан аскерлери араларында бир кишинин артына туруп намаз окушту.
Азербайжандын тарых жана маданиятынын символдорунан болушу менен бирге географиялык абалы, Тоолуу карабахтын эң чоң шаары Ханкендиге кеткен жолдо орун алгандыктан стратегиялык мааниге да ээ болгон Шуша 1992 - жылы 8 - майда Армения күчтөрү тарабынан оккупацияга алынган.
Азербайжан армиясы Шушаны 8 - ноябрда оккупациядан бошотту.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.