Садыр Жапаров элчилер жана консулдар менен жолугушту

Кыргызстанда президенттин милдетин аткаруучу премьер  - министр Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы саясатында татыктуу принцибине жана андан мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде эл аралык милдеттердин аткарыларын билдирди.

1527317
Садыр Жапаров элчилер жана консулдар менен жолугушту

Кыргызстанда президенттин милдетин аткаруучу премьер  - министр Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы саясатында татыктуу принцибине жана андан мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде эл аралык милдеттердин аткарыларын билдирди.

Президенттиктин коммуникация борборунан берилген маалыматка караганда Жапаров өлкөдөгү элчилер, эл аралык мекеме жана мекемелердин өкүлдөрү, ардактуу консулдар менен жолугушту.

Жапаров бул жерде сөз сүйлөп, Кыргызстандын ар дайым чет элдик өнөктөштөрү менен болгондой эл аралык жана аймактык мекемелер менен да достук карым – катнаштарын өнүктүрүүгө маани бергендигин айтты.

Тышкы саясаттагы алдыңкылыктары тууралуу маалымат берген Жапаров : «Өлкөнүн тышкы саясатында татыктуу принсибине жана андан мурда түзүлгөн эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин бардык эл аралык милдеттенмелери сакталат»,- деди. Жапаров өлкөдө бийликтин алмашуусуна себеп болгон 5 – октябрдагы окуяларга да токтолуп : «Кыргызстанда 5 -  октябрда болгон окуялар, адилетсиз жалпы шайлоонун жыйынтыгы эле. Бүгүн өлкөбүздө кырдаал турукташып, саясий процесстер укуктук талаага кайтып келди»,- деди.

Кыргызстандын союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен кызматташуусун чыңдоону улантышарын баса белгилеген Жапаров алдыңкылык берилген милдеттеринин арасында социалдык жана экономикалык маселелердин чечилиши, инвесторлордун ишенимине ээ болуу жана коомдук башкаруу системасын реформалоо экендигин айтты.

Парламентке кирбеген партиялардын 5 -  октябрда өткөргөн нааразычылык акцияларынын зомбулукка аймаланышынан кийин 6 -  октябрда тарапташтары абактан чыгарган Жапаров ошол эле күнү «убактылуу премьер  - министр»деп жарыяланды.

Парламенттен ишеним добушун алган Жапаров Президент Сооронбай Жээнбеков арызын бергенден кийин убактылуу президенттин милдетин аткарууда.



Тектеш кабарлар