Алиев Түрк соода-өнөр жай палатасынын делегациясын кабыл алды

Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүнө ылайык, Түркия,Азербайжан,Кыргызстан,Өзбекстандын Соода-өнөр жай палаталарынын төрагалары менен Түрк Кеңешинин баш катчысы Бакуга келишти.

1520492
Алиев Түрк соода-өнөр жай палатасынын делегациясын кабыл алды

 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түрк Кеңешинин алкагында иш алып барган Түрк соода-өнөр жай палатасынын делегациясын кабыл алды.

Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүнө ылайык, Түрк Кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев, Азербайжандын экономика министри Микайыл Жаббаров, Түркиянын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу, Кыргыз Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев жана Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Адхам Икрамов катышты.

Алиев Түрк соода-өнөр жай палатасына Ата Мекендик согуш жүргүзүп жаткан Азербайжанга колдоо жана тилектештик катары Бакуда кезексиз жыйын өткөргөнүнө ыраазычылыгын билдирди.

Азербайжан тарабынан жерлерин сактап калуу үчүн жүргүзүлгөн операциялар жана Армениянын жарандарга карай кол салуулары жөнүндө сөз кылган Алиев, Түрк Кеңешинин колдоосуна ыраазы экендиктерин айтты.

Түрк Кеңешинин баш катчысы Амреев, Түрк Кеңеши катары, түрк дүйнөсү катары алар бир тууган Азербайжандын жанында экендигин баса белгиледи.

Түркиянын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Хисаржыклыоглу Бакуга колдоо жана тилектештик көрсөтүү үчүн баргандыктарын билдирди.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Шаршекеев жана Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Икрамов өлкөлөрү Азербайжан менен тилектеш экендигин баса белгилешти.



Тектеш кабарлар