Алиев: «Согуштун уланышы жана эки тараптын тең жоготуулары үчүн Никол Пашинян жооптуу»

Алиев сүйлөшүү өткөрүү үчүн Бакуга барган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды.

1519667
Алиев: «Согуштун уланышы жана эки тараптын тең жоготуулары үчүн Никол Пашинян жооптуу»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабакта согуштун уланышы жана эки тараптын тең жоготуулары үчүн Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жооптуу деди.

Алиев сүйлөшүү өткөрүү үчүн Бакуга барган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды.

Алиев кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө Азербайжан армиясынын аймактарын сактап калуу үчүн жүргүзгөн операциясы жөнүндө айтып, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Россиянын президенти Владимир Путинден жардам сурагандыгын билдирди.

Пашиняндын каты алардын жеңилишин моюнга алышканын жана экинчи жагынан толугу менен багынып бергиси келбегендигин көрсөткөнүн белгилеген Алиев, бүгүнкү күндө «Пашинян согуштун уланышына жана эки тараптын тең адамдарынын курман болушуна жооптуу»,- деп баса белгиледи.

Алиев: «Армения өзүнүн жеңилгенин жарыялап, өз аскерлерин биздин жерлерден чыгарып, көйгөйдү үстөлдүн үстүндө чечип алганы эң акылга сыярлык вариант. Азыр маселенин чечилиши жүрүп жатат. Азербайжан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин тийиштүү токтомдорун ишке ашырып, алардын көпчүлүгүн ишке ашырып жатат. Башка бөлүктөрү дагы ишке ашып, өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгү камсыз болот деп ишенем»,- деди.

Көрсөткөн колдоосу үчүн боордош түрк элине ыраазычылыгын билдирген Алиев, түрк ЖМК мүчөлөрүнүн да бул аймакта күнү-түнү өмүрүн тобокелге салып иш алып барышарын, дүйнө жүзү бул аймакта болуп жаткан окуяларды көбүнчө түрк басма сөзү аркылуу көрүп жатканын билдирди.

Генже жана Барда шаарларын бомбалоодон кийин окуя болгон жерге биринчи түрк журналисттеринин жеткенин эскерткен Алиев, бул Түркия-Азербайжан кызматташтыгынын көрсөткүчү экендигин белгиледи.

Чавушоглу: «Биз сиздин талаадагы ийгилигиңизге сыймыктанабыз. Сиз түрк дүйнөсүнүн күчүн бүткүл дүйнөгө көрсөттүңүз»,- деди.

Чавушоглу, Измирдеги жер титирөөдөн кийин Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министри Камаладдин Гейдаров телефон аркылуу кайрылып, өздөрүнө жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиргенин, Түркия коомчулугу жылуу кабыл алгандыгын айтты.

Түркияда Тоолуу Карабахта болуп жаткан окуялар кылдат байкалганын айткан Чавушоглу, «Биздин элибиз Азербайжанга көбүрөөк колдоо көрсөтүшүбүздү дайыма эскертип турушат»,- деди.

Чавушоглу, Азербайжан аянтта дагы, укуктук жагынан дагы жогору экендигине карабастан, бүтүндөй дүйнөгө өз күчүнө ишенген мамлекет жана улут катары өзүнүн жетилгендигин ок атууну токтотуу жана сүйлөшүү үстөлүндө көрсөткөнүн баса белгиледи.

«Муну түшүнгөн адамдар бар, аны түшүнгүсү келбегендер бар. Армения эмне кылып жатканын көрүп, ок атышпоо режимин ар бир жолу бузуп жатканын көрүүдө, бирок муну айткысы келбегендер көп. Андыктан биз арабыздагы тилектештикти дагы да бекемдөө менен өз укуктарыбызды коргоону улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар