Армениянын кол салууларынан 13 жана 16 жаштагы эки азербайжандык каза болду

Армения армиясынын Азербайжандын Горанбой жана Тертер облустарына замбирек жана ракеталар менен чабуул жасаганы кабарланды.

1515106
Армениянын кол салууларынан 13 жана 16 жаштагы эки азербайжандык каза болду

Армениянын Азербайжандын жарандык конуштарына жасаган ракеталык чабуулунан 13 жана 16 жаштагы эки жаран каза болду.

Азербайжандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, Армения армиясынын Горанбой жана Тертер облустарына замбирек жана ракеталар менен чабуул жасаганы кабарланды.

Билдирүүдө Тертер облусундагы Кебирли айылындагы бир үйгө ракета тийип анын кесептинен 16 жаштагы Орхан Исмайылзаденин каза болгондугу маалымдалды.

Горанбой облусундагы Тапкаракоюнлу айылында да замбиректин огунан 2 үйдүн жабыркаганы белгиленди.

Армениянын 17-октябрда Генжеге жасаган ракеталык чабуулунда урандынын астынан тирүү куткарылган 13 жаштагы Артур Маяковдун да дарыланып жаткан ооруканада көз жумганы айтылды.



Тектеш кабарлар