Азербайжанда Армениянын кол салууларынан каза тапкандар
Азербайжандын Башкы прокуратурасы жан жоготууларды жана материалдык чыгымдарды жарыялады.
1513258
Армениянын Азербайжандын калктуу конуштарына артиллерия жана ракеталар менен чабуулунан 63 адам каза болуп, 292 жаран жаракат алды.
Азербайжандын Башкы прокуратурасы 27-сентябрдан 21-октябрга чейин Армениянын кол салууларынын кесепетинен болгон жан жоготууларды жана материалдык чыгымдарды жарыялады.
Буга караганда, аты аталган мезгилде Азербайжандын 63 жараны каза болду, 292 жараны жаракат алды.
Армениянын кол салуулары учурунда 1981 үй, 90 батир жана 386 коомдук имарат да жараксыз абалга келди.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.